Жапондор баланы кантип тарбиялайт?

«Баланы тарбиялоодон мурда өзүңдү тарбияла. Анткени, бала сени көрүп өсөт» деген учкул кеп бекеринен айтылган эмес. Анткени, баланын тарбиясы ата-эненин жүрүм-турумунан көз каранды. Европа өлкөлөрүндө көпчүлүк ата-энелер балакайларын атайын бала-багуучуга каратса, Күн чыгыш өлкөсүндө өздөрү гана багышат. Эмесе, япон эли бала тарбиялоодо дагы кандай эрежелерди карманышаарын бирге билели.Япон айымдарынын басымдуу бөлүгү ымыркай кезинен баштап баласы менен сүйлөшүшөт. Акылы токтой элек болсо дагы нарситесине бардыгын түшүндүрүп, эринбей айтып беришет. Кадимки чоң адамдар менен сүйлөшкөндөй баарлашкан апаларды коомдук жайлардан дагы кезиктирүүгө болот. Мисалы, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, эс алуу багында же метродо балдарын атайын моюнуна илинген же аркасына асып ала турган баштыкчаларга (кенгуруга) салып, көтөрүп жүрө беришет. Мындай баштыкчалар биздин өлкөдө да кеңири тараган. Кызыгы, Японияда эне-балага ыңгайлуу күрмө, пальто, курткалардын түрлөрү сатылат. Жамгыр жааса, ошол сырт кийимин кийип алышат да, “эки баштуу” адамга айланып калышат. Анткени, андай кийимдерде балалуу энеге ылайыкталган эки капюшон, эки жакасы болот. Мындан улам япондун айымдары кайда болбосун, кандай жагдай болбосун балдарын жанынан чыгарышпайт.

Биздеги апалар ымыркайларын ишенген, жакын адамдарына таштап, ишке же отурушка кете беришет эмеспи, ал эми Японияда бул көрүнүш өөн учурайт. Жада калса күйөөсүнө да бала багууну ыраа көрүшпөйт экен. Улуу балдарына тамак жасап, үй иштери менен алек болгон учурда да кичүү наристелерин көкүрөгүнөн түшүрүшпөйт. «Бала ар дайым эне менен бирге болушу керек» деген принципти жогору тутушат. Бул алардын ата-бабасынан калган салты делинет. «Азыркыдай кеңгуру баштыкчалары жок кезде энелерибиз калың кездемеден белине ыңгайлуу кылып таңып алып, бизди чоңойтушкан» деп эскеришет.

Япон кыздарынын көпчүлүгү турмушка чыккандан кийин иштешпейт. Балдары чоңойгондо гана (9-10 жаштан жогору) эгерде аялдык милдеттерин толук аткарууга жетише турган болсо, жумушун улантуусу мүмкүн. Анткени, балдарын мектепке жөнөтүп, кайра күтүп алып, берилген тапшырмаларды аткарууга жардамдашып, окууга толук шарт түзүп берип, жолдошу жумушунан келгенче тамагын даярдап, жаркылдап тосуп алууга жумушу тоскоол болбошу керек. Эгерде ошончолук эле ишке каалоосу күч болуп, аны улантып кетүү зарылчылыгы туулса, анда баласы менен барып иштешет жана аларга эч кандай жеңилдетүүлөр болбойт. Мисалы, ар кандай ири компания, жеке менчик фирмалардын жумушчулары жетекчиси кетмейинче жумуш ордунда отурушу керек деп эсептелинет. Бул жагдай алардын дээрине сиңген нерсе катары билсек болот.

Кызыгы, япондордун балдары баса элегинде эле тили чыгат. Буга көпчүлүк чет өлкөлүктөр таң калышат. Жогоруда айтылгандай, япон аялдары балдары менен ымыркай кезинен өздөрүнүн кылып жаткан ишин түшүндүрүп, кандай пландары бар экенин айтып, жооп бербесе дагы, кеңешип, тамашалашып, кээ бир учурда ырдап берип, жаш балдар жаттап кала турган терминдерди колдонуп, сүйлөшө беришет. Бул баланын сүйлөшүүгө болгон жөндөмүн күчөтөт дагы, натыйжада бала энесинин айткандарын кайталай баштайт.

Япондуктардын ыңгайсыз абалда уктай берүүсү дагы башкаларда таң калууну жаратат. Бул алардын кичинекей кезинен калыптанат. Ымыркай дайыма эненин көкүрөгүндөгү же аркасындагы баштыкчада уктап жүрө бергендиктен чоңойгондо дагы ыңгайлуу эмес жагдайда уктай берүүгө көнүп калышат. Ошондуктан, коомдук транспортто, кызыксыз иш-чараларда же концерттерде япондуктар ооздорун ачкан калыбында катуу уктап кала беришет жана мындай көрүнүштөр алар үчүн уят эмес.

Апасынын маанилүү жумуш аткарып жатканын көргөн балдары аларга тоскоол болушпайт. Япон аялдары үй ишиндеби, көчөдөбү, айтор маанилүү жумуш жасап жаткандыгын балдарына айтып жана алар тоскоол болбой, кайра салым кошуусун талап кылышат.

Анан дагы япон балдары кичинекейинен ата-энеси менен биргеликте жаткандыктан мээримдүү болуп чоңоюшат. Таң калычтуусу, алар 9-10 жашка чейин балдарын өздөрү менен кошо алып жатышат экен. Ымыркайын эмизип жатып уктап калган, тумчуктуруп өлтүрүп алган окуялар Японияда көп кездешет.

Япондуктар балдарын эч качан катуу айтып урушушпайт. Балдары чектен чыгып шоктук кыла баштаса, аларды начар көз караш менен карап коюу жетиштүү болот.

Алар балдарына коомдук жайда өзүн алып жүрүүнү эрте үйрөтүшөт. 3-4 жаштагы япон баласы “кечирип коюңуз”, “саламатсызбы!”, “сизге ыраазымын, рахмат” ж.б ушул сыяктуу сылык сөздөрдү колдонууну билип калышат.

Апасынын тилин албай, ашкере эркелеп кеткен баланы атан-энеси атайлап “жоготуп” алышат. Бул оюн аралаш салт «Майго» деп аталат. 5-6 жаштагы баласын тарбиялагысы келген апа эл көп чогулган жайга аны ээрчитип барып, адаштырып жиберет да, өзү анча алыс эмес жерде жашынып турат. Жоголуп кеткен бала “апалап” ыйлап, ары-бери чуркап, тызылдайт. Аны көргөн башка япондуктар чын жүрөгү менен санааркап жаткан түр көрсөтүшүп, апасын издөөгө жардам беришет. “Көрдүңбү, апаңдын тилин албасаң ушундай болот!”, “эми апаңды кайдан табабыз?”, “апаң да кайгырып, ыйлап жатса керек…” деп ары өткөн, бери өткөндөр эле баланы сөз менен эле тарбиялап коюшат. “Баланы жоготуп коюу” оюну Японияда кеңири тарагандыктан полиция кызматкерлери кийлигишишпейт, анткени өздөрү да бир убакта “Майгого” аргасыз катышышкан.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}