Жараткан ырыскы берүүчү

Алыскы аймактарда жапжашыл бир арал бар экен. Ал жерде жападан жалгыз ачкөз өгүз жашаптыр. Ал кечке чейин баардык жайлоону айланып оттоп, семиргенинен шишип кетчү экен. Бирок, кеч киргенде эле эртең эмне жейм деген сар-санаага батат. Бул ойдон кыйналганынан таң атканча азып-тозуп арыктап кетээр эле. Таң атканда жайлоо кайрадан жашылданып, чөп белге чейин өсүп калыбына келип калат. Өгүз ач калганы үчүн жайлоонун баарын кайрадан түгөткөнчө жеп чыгат. Кайрадан семирип, күч-кубатка толот. Кеч киргенде ачкалык коркунучу каптап, титирей баштайт. Канчалаган жылдан бери күнүгө ушундай абал кайталанат. Эч бир күн ачкалыктан өлүп калбаганы, ырскысы кемибегени өгүздү ойлондурбас эле.Негизи напсибиз – ушул өгүзгө окшойт! Жайлоо болсо – бул дүйнө сыяктуу!
Напси, ырыскынын түгөнүп калуу коркунучунан азып, дайыма ачкөз абалда “дүнүйөнү кантип чогултам, эртең ырыскыны кандай кылып табам” -деп кайгыга батат. А бирок, ушул убакка чейин адамзат таап келген ырыскы кемип кеткен эмес? Ошондуктан, адамзат аз да болсо келечектеги абалыбыз боюнча ой жүгүртүп, өткөн күндөрүбүзгө шүгүр кылалы!

Талгат Мураталиев

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}