Жараткан жиберген жемиш-курма

Курма-Алланын ыйык китеби болгон Куранда 29 жолу эскерилип,анын 15инде Жараткандан адамзатка белек катары берилген жемиш экендиги айтылат.Ал эми чыгыш элдеринде курманын адам организмине болгон пайдасы жөнүндө миңдеген уламыштар бар. Илим-билим өнүккөн бул күндө курманын химиялык курамы изилденип,курамында ден соолукка миңдин бири болгон дартка даба заттар бар экендиги аныкталган.

Жараткан жиберген жемиш-курма

Бакта өскөн момпосуй

Курма-климаты ысык келген тропиктик алкакта жайгашкан Сауд Арабиясы,Египет,Тунис,Марокко сымал аптаптуу өлкөлөрдө өсөт.Бул жемиш биздин өлкөгө кургатылган түрүндө келет.Ал эми ошол эле мусулман өлкөлөрүнүн өзүндө да кургатылган түрүндө,момпосуйдун ордун алмаштыруучу жемиш катары колдонушат.

Жараткан жиберген жемиш-курма

Курма пальмаларынын мекени делген Сауд Арабиясы курманы экспорт кылуу боюнча араб өлкөлөрүнүн арасында алдынкы орунда турат.Эң кызыгы, азыркы учурда курма пальмаларын АКШнын Колифорния штатынан,Мексика,Австралия өлкөлөрүнөн да кездештирсек болот.Курма пальмалары отургузулгандан кийин 5-6 жыл аралыгында толук түшүм бере баштайт.Ар бир бактан 50 кг чейин жемиш жыйноого болот.Айрым жакшыртылган сорттору 80 кг чейин түшүм берет.

Жараткан жиберген жемиш-курма

Курманын ден-соолукка пайдасы

Курманын курамында адам организмине керектүү делген 10дон ашык элемент бар.Адам бир гана курма жана суу менен азыктанып,бир нече ай жашай алат.Ал эми курмадагы А,В,С витаминдери жана ниацин терини,боорду керектүү витаминдер менен камсыздайт жана чачтын өсүүсүн,көздүн көрүүсүн жакшыртат.Бул ыйык жемиштин курамындагы магний жана калий жүрөк ооруларын алдын алып,кандын курамындагы каннттын деңгээлин бир калыпта кармап,тамак сиңирүүнү жакшыртат.Нерв ооруларында курма менен бирге артынан сүт ичсеңиз дартыңызга даба табаарыңыз шексиз.

Жараткан жиберген жемиш-курма

Жараткан жиберген жемиш-курма

Жараткан жиберген жемиш-курма

Курма-ыйык жемиш

Курма-сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын Ырайымы жана Саламы болсун) да эң жакшы көргөн жемиши болгон.Биздин күнгө жеткен Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын Ырайымы жана Саламы болсун)ыйык хадистеринин биринде курманын пайдасы жөнүндө айтылат.
Курма-бул жаңы эле дүйнөгө келген ымыркайдын эне сүтүнөн кийинки эле оозанган экинчи жемиш.Дегеним,ымыркай жаңы дүйнөгө келгенде белгилүү аалымдарга,имамдарга курманы чайнатып, “Ушундай аалым болсун,эл керегине жараган инсан болсун”- деген изги тилек менен наристени оозандырышат.
Орозо туткандакурма менен ооз ачсаңыз,оозуңузду ачуу менен бирге сүннөттү да аткарган болосуз.

Жараткан жиберген жемиш-курма
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}