Жардам

Кыштын аяздуу күндөрүнүн биринде, үйгө баратып алдымда мас болуп келаткан адамды көрдүм. Жолдо келатып, бир оңго, бир солго чыгып жатты. Башка жакты карамыш болуп, ага көз салып келаттым. Отуз жаштын тегерегинде үстү-башы таза эле адам экен. Жанынан өткөн адамдар жаман көзү менен карап, айрымдары арак ичүүнүн жаман экенин катуу үн менен айтып жатышты. Жанына жеткенимде, жакшы элесизби деп сурадым. Оозу титиреп, бир эле сөздү айтууга жарады, “оорулуумун”…!Жыгылбашы үчүн белинен таяп, такси карадым. Кыш болгондуктан, такси да жок эле. Аңгыча алысыраактан бир такси көрүнө калды. Аны чакырып, абалды түшүндүрүп, ооруканага жөнөдүк. Дарыгерлер оорулууну тез жардам бөлүмүнө алып киришти. Бизге, жок дегенде үшүккө алдырбай жеткирипсиңер деп билдиришти. Биз болсо, күтө туралы деп чечтик. Көп өтпөй оорулуу адам өзүнө келди. Аны кайрадан таксиге салып үйүнө алып бардык. Оорулуу адамдын жубайы ар бир көчөнү кыдырып издеп жүргөн экен. Жолукканыбызда бизге үзүлө рахматын айтып, жолдошу шекер оорусу себептүү тез-тез комага түшүп калаарын билдирди. Коштошуп, жолдо таксиге канча карыз экенимди сурадым. Башын чайкап, сага карызмын, мындай жакшылыкка ортоктош кылганың үчүн деп жооп берди. Ал адам менен кучакташып коштошуп, үйүмө жөө жөнөдүм. Ким билет жолдо дагы бир жакшылыкка себепкер болуп калаармын…
Ар дайым колубуздан келген жардамды аябайлы. Себеби, бул жакшылык айланып келип өзүбүзгө тиет.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}