Жарыгыңды чача бил

Бир адам соода кылуу максатында шаардын ичине дүкөн ачат. Ал адам соодага бүт дитин коюп, эч качан эч кимди алдабайт. Саткан тиричилик буюмдары да өтө кымбат эмес эле. Бул кылганы бат эле шаардын экинчи учуна, андан кийин башка шаарларга да жетти. Акырындап туруктуу кардарлары көбөйүп, башка шаарларга да дүкөн ачып, иштете баштайт. Жылдар өтүп, ар кайсы шаарда орун алган дүкөндөр тармагынын ээси болот. Ошентип, бул дүкөндөр тармагын башкарууну кайсыл баласына берүү керектигин ойлонот. Акыры балдарын чакырып:«Балдарым, эми силердин бирөөңөр ушул дүкөндөр тармагын башкарып калууңар керек. Бирок силер ага татыктуу экениңерди көргөзүшүңөр керек. Силер жүз сомдон акча алып, ага ушул үйдүн эң чоң бөлмөсүн толтура турган нерсе сатып алышыңар керек. Кечинде кимиңер тапшырманы так аткарып келсеңер, ошонуңар башкаруу укугуна ээ болосуңар», – дейт.

Балдары бул чечимге макул болушат да, эртеси жөнөп кетишет. Кечинде атасынын алдына келишет. Биринчи уулу шаардын сыртындагы досунун чарбасына барып, жүз сомго эки боо саман сатып алганын айтат да, аны алып келип, бөлмөгө чача баштайт. Эки боо саман түгөнөт, бирок бөлмөгө толук жетпей калат. Экинчи уулу жууркан жасаган адамга барып эки жаздык сатып алганын айтат да, аны ачып, ичиндеги тооктун жүнүн чача баштайт. Бөлмөнүн ичи сапырылып, аппак болуп калат, бирок ал да бөлмөгө толук жетпей калат. «А сен эмне сатып алдың?» – дейт атасы, үчүнчү уулуна суроо салып. Ал: «Алгач бир эски дүкөнгө бардым, акчамды майдалаттым да, 50 сомун жетимдер үйүнө бердим, 20 сомун садака бердим. Он сомун өтө зарыл деп сурап келген досума карыз бердим. Калган 20 сомго болгону эки нерсе алдым: бир куту шереңке жана бир шам», – дейт да, ал экөөнү алып чыгып, шамды жагат. Ошол замат саманга, тооктун жүнүнө толбогон чоң бөлмө башынан аягына чейин жарык боло түшөт. Ошондо атасы баласына кайрылып: «Азамат, уулум, сен менин айтканымды толук түшүнүпсүң. Жашоодо акчаны, аны менен бирге башка нерселерди да максаттуу жана пайдалуу колдоно билүү керек. Бул дүкөндөр тармагын башкарууну сен колуңа аласың. Сен жашооңо жарык чачканды үйрөнүпсүң. Бул эң сонун!» – дейт.

Биз алган орунга караганда биз алган багыт орчундуу (Голмс).

Жумуш адамга пайда келтирген учурда гана көңүлдүү болот (У. Шекспир).

Адам канчалык адилет болсо, адилеттикти ошончолук жакшы түшүнөт (Цицерон).

Адам болуш үчүн улуулардын жолун жолдоп, келечекке жол сала билиш керек (Г. Лихтенберг)

Шоокум

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}