Жаш ата-энелерге Масарудан кеп-кеңеш

Ибука Масару 1908-жылдын 11-апрелинде төрөлүп, 1997-жылдын 19-декабрында көз жумган. Ибука кесиби боюнча инженер жана жеке ишкер. Ал дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал \»Sony\» корпорациясынын негиздөөчүсү болуп саналат. Кесиби инженер болсо да кенже курактагы балдарды тарбиялоо боюнча бир катар китептерди жазган. Анын \»Үч жаштан кийин кеч\» деген китеби дүйнөнүн бир катар тилдерине которулуп, бестселлерге айланган. Анда эмесе ушул китептин автору Ибука Масарудан Жаш ата-энелерге кеп-кеңеш:— Баланы татыктуу тарбиялаш үчүн сөзсүз эле кымбат оюнчуктарды сатып берип, атайын курстарга баруунун зарылдыгы жок. Бала үчүн ата-эненин мээриминен өткөн тарбия жок. Өзгөчө эне баласын ар дайым сүйүп, мээрим төгүп турушу керек.

— Колдон келишинче баланы колго көбүрөөк алыш керек. Көтөрүп эркелетүү, уктаарда таптоо баланын жакшы өнүгүшүн шарттайт.

— Балага ойной турган өзүнчө аянтча түзүп бериш керек. Менин айтканым оюнчук дүкөнүн көчүрүп келүү дегендик эмес. Атасынын шаймандарды салган үкөгү же апасынын бут кийими деле баланын фантазиясын ойготот. Жумшак оюнчуктарды көп алып бербеш керек. Антпесе анча көп оюнчукту эмне кыларын да билбей, башы айланып калат.

— Колдон келишинче балдарга түстүү карандашты эртерээк белек кылгыла. Анан да \»карандашты оң гана колго кармаш керек\», \»Күндүн өңү качан жашыл болчу эле\» деген жемелер баланын өнүгүүсүн чектеп коет. Карандашты сол колго кармаса тескерисинче мээси жакшы иштейт, интеллектиси жогору болот. Кагазды айрып же тытып салса деле урушпай, чыгармачылык изденүү деп кабыл алыш керек.

— Жомокторду, ырларды көп окуп бериш керек. Аларды жаттатыш керек. Бала 100-200 кыска ырды оңой эле жаттап алат. Баланы коляскага тыга бербей, таза абада көбүрөөк жөө бастырыш керек. Бул ой жүгүртүүсүн, кыялдануусун өрчүтөт.

-Баланы колдон келсе чоң ата, чоң энелер менен чогуу бир үйдө тарбиялаш керек. Тагыраак айтканда социалдык чөйрө баланын өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болот.

— Баланын башынан дисциплинага, режимге үйрөтүш керек. Балдарга кол көтөргөн туура эмес. Айрыкча башка адамдардын көзүнчө. Баланы андан көрө көбүрөөк макташ керек. Эгер жакшы иш жасаса мактап койсо шыктанып калат, жаман нерсе жасаса акырын эле уяткарып коюш керек. Уруп-сабоонун зыяндан башка пайдасы жок экенин унутпаңыз.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}