Жаштыктын сыры — жубайда

Мурунку өткөн замандарда кайсы бир мамлекетте токсон жаштын кырына келсе да сымбатынан тайбаган, калкына камкор, жаштарына үлгү болгон дөөлөттүү бир абышка жашаптыр. Айланасындагы адамдар карыянын жашы бир топко келсе да жаш көрүнүшүнө кызыгып, “Жаштыгыңыздын сыры эмнеде?-деп суроо салышат. Абышка мындай суроо салгандарга жылмаю менен өтүп кетчү экен. Бирок, күндөн-күнгө сурагандар көбөйгөндүктөн абышка жоопту айтууга аргасыз болот…Акыры карыя көпкө ойлонуп, бардык тууган-уруктарын, коңшу-колоң, тааныш-билиштерин чакырып, жаштыгынын сырдуу жандырмагын айтмакчы болот. Бул нерсени көпкө күткөн коноктор бир дасторкондун башында жыйналышып, куттуу үйдөн даам сызып, аңгеме дүкөн куруу менен убакыттын кандай өткөнүн да билбей калышат.

Келгендердин бардыгы суроонун жообун күтүп отурган убакта, карыя байбичесине: “Байбиче кампадагы дарбызды алып келесиңби?”-деп кайрылат. Байбичеси бир заматта эле дарбызды дасторконго алып келет. Абышка дарбызды жактырбай, “Бул болбойт, жакшы чыкпай калат, башкасын алып кел.”-дейт. Байбиче аны алып кетип, башка дарбызды алып келет. Карыя аны дагы жактырбайт. Бул окуя кеминде 3-4 жолу кайталанат. Эмнеси болсо да конокторун зериктирүүнү каалабаган аксакал бешинчи жолу алып келеген дарбызды конокторго берүүнү эп көрөт. Коноктор дарбызды табит менен жеп отурган маалда карыя көпчүлүккө: “Замандаштар! Мына менин жаштыгымдын сыры ушунда катылган болчу, түшүндүңүздөрбү?”-деп суроо салат. Келгендердин баары аң-таң болуп, түшүнбөгөн абалда бири-биринин жүзүнө тигилет. Эч ким эч нерсени түшүнбөй калат. Бардыгы бир ооздон түшүнбөгөндүктөрүн айтат.

Карыя жылмайган калыбында, “Коноктор, баам салыңыздар кампада жалгыз гана дарбыз бар эле. Байбичеме башкасын алып кел деген сайын, бир эле дарбызды ташып жүрдү. Бир ирет да бул эмне кылганың? Бир дарбызды мага кайра-кайра ташытып жинди болдуңбу? -деп айткан жок. Мен жаштыгым үчүн ушул жубайыма карыздармын. Биз эч качан бири-бирибизди башкалардын алдында ыңгайсыз абалга калтырган эмеспиз.Үй-бүлө ичиндеги эч бир нерсени сыртка чыгарган эмеспиз. Дайыма бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, кайгы-капаны тең бөлүшкөнбүз. Көйгөйлөрүбүздү, жакшы-жаман иштерди бирдикте чечебиз. Менин жаштыгымдын сыры мына ушул үйүмдүн куту болгон балдарымдын апасында.”-деп жооп берген экен.

Элибиз байыртан бери үй-бүлө очогунун бекем болушуна өзгөчө маани берип келгени талашсыз. Бул үчүн карыяларыбыз өздөрүн үлгү тутуп, нарктуу асыл кеп-кеңештерин осуят катары калтырып келишкен. Бул кеп-кеңештер өз кезегинде жаш үй-бүлөлөргө, турмуш кура турган жаштарга өрнөктүү өмүр болуп каралган. Ошондуктан да калк ичинде, “Үйлөнүү-оңой, үй-бүлө болуу кыйын”-деген сөз жөн жерден айтылып калбаса керек. Ылайым коомубузда, ар кандай сыноолорго сынбай, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон бактылуу үй-бүлөлөр көп болсо экен…

 

Даярдаган:Жанара Каденова

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}