Жаштыктын жана сулуулуктун символу-Сакура

Япониянын эски легендаларынын биринде, гүлдөп турган сакураны суктанып тиктеген адамдын ден соолугу чың болот, өмүрүңдү узартат, жүз жашка чейин жашайсың деп айтылат.

Жаштыктын жана сулуулуктун символу-Сакура

Сакуранын гүлүнүн кооздугуна дүйнө жүзүндө эч бир гүл тең келе албайт деп эсептешет япондуктар.

Жаштыктын жана сулуулуктун символу-Сакура

Японияда гүлдөп турган сакуранын алдында ыр жазуу салтка айланганын бардыгыбыз эле билбейбиз. Сакура Японияда ыйык дарак катары эсептелет жана анын аурасы поэзия жаратууда таасирин тийгизет деп айты жүрүшөт.

Жаштыктын жана сулуулуктун символу-Сакура

Сакура –Японияда жаштыктын, сулуулуктун символу катары бааланат. Гүлдөгөндө эч бир өсүмдүк тең келе алгыс кооз алча дарагы. Сакура-алчанын эң кооз түрү. Ал эрте жазда гүлдөйт жана анын гүлдөрү агыш, ачык гүлгүн түстө болот дагы көңүлүңдү өзүнө тартып турат. Бирок анын гүлдөрү бир жумага жетпеген убакыт гана турат. Катуу шамал же жамгыр болсо гүлдөр бир жумага да жетпей түшүп калган учурлар болот.

Жаштыктын жана сулуулуктун символу-Сакура

Жаздын жакындашын Японияда сакуранын гүлдөшү менен байланыштырышат. Сакураны негизинен ыйык өсүмдүк катары урматташат. Анын мөмөсүн, жалбырактарын, гүлдөрүн айрым учурларда гана тамак ашка пайдаланышат.

Жаштыктын жана сулуулуктун символу-Сакура

Сакуранын сүрөтүн Япониянын полиция кызамткерлеринин жана аскер кызматкерлеринин гербдеринен, окуучулардын жана аскер кызматкерлеринин баш кийимдериндеги рангды көрсөткөн белгилерден көрүүгө болот.

Жаштыктын жана сулуулуктун символу-Сакура

Илгертен эле Сакуранын гүлдөгөн мезгили жылдын жаңырышы, жазгы талаа иштеринин башталышы катары бааланган. Эгер сакура абдан төгүлүп гүлдөсө Япондук дыйкандар быйыл түшүм абдан мол, берекелүү болот деп эсептешкен.

Жаштыктын жана сулуулуктун символу-Сакура

Сакура көзү өткөн ата-бабалардын руху жашаган жай катары эсептелет жана аны суктанып тиктөө, ата-бабалардын арбагын тынчтандырат, ыраазы кылат, гүлдөрүнө болгон урмат, ата-бабаларга болгон сый деп эсептешкен. Эгер сакураны көңүлүңдү төшөп, мээримиңди төгүп карасаң сен ата-бабаларыңды урматтаганың, сакураны сүйүп тикте, ошондо сенин ата-бабаларың сага ыраазы болот, сени колдойт, сага жардам берет деп эсептешкен. Албетте мунун айрымдары жөө-жомок ырым деңизчи. Бирок сакура дарагы чындап сулуулуктун, назиктин символу десек жарашат.

Данек

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}