Жеңиш сабырдан кийин

Төмөндө, белгилүү акын Надырбек Алымбековдун «Жеңиш сабырдан кийин» атуу китебинен алынган таасирлүү ойлор, учкул сөздөр жыйналды. Аталган китеп акындын басып өткөн жолун баяндайт.

Күлүк күүдөн калса, байгеден калат. А убакыт күүдөн калбай чаба берет экен. Бу да болсо Жараткандын адам акылына сыйбаган керемет-кудурети тура, чиркин…

•••

Адамдын дене-боюн да, аң-сезимин да токчулук эмес, жокчулук бышырат экен.

•••

Токчулук пейилди бөксөрттү. Жыйган терген күнүмдүк оокаттын берекеси кетти. Дүнүйөпарастык алдыга өтүп, ач көздүк коштоду. Ар намыстын да даражасы түштү. Элден нарк кетип, намыс тебеленди болгондон кийин, элге жоо сырттан эмес ичтен келди.

•••

Кудайга жакын болуу керек. Кудайга жакындаган сайын шайтан качат, алсызданат. Илим алып, көкүрөк байлыгына көп маани берип, жан дүйнөнүн аруулугунан кубат алып жашаганга эмне жетсин.

•••

Ыйман токтогон жайга ынтымак да байыр алат.

•••

Пейилдин тарышы берекени да учуруп ийет экен. Береке качкан жерде жанталашканың деле пайдасыз көрүнөт.

•••

Ортодо мээрим болбогон соң, бир тууганыңдын бейтааныш кишиден айырмасы деле болбойт тура.

•••

Алтымыш, денеңден күч кубатты тайдырганы менен, акылыңды тунуткан, баарына көзүңдү жеткирген жаш. Ага болбой кийинки муундар мыйзамга таянып, алдап-соолап “ардактуу” эс алууга чыгарып, үйрөнгөн ишинден ажыратып, үйүңө камап коёт тура.

•••

Тоодой жүктү көтөрүүгө балбан чыкпайт, бирок акылы тетик адам амал менен көтөрүп кетерине шек жок.

•••

Көз көргөндү көкүрөк сындайт. Адамдар өмүр бою бири-бирине сынчы. Ар пенденин көз карашы өзүнчө өзгөчөлүк.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}