Жер кеме (түшүн пенде…)

Карачы, улуу күндү жаратканын,
Карачы, түндү коштоп таң атканын.
Арбалып аруу таңдын деми менен,
Ар күнү кызык издеп барат жаным.Акылың ашса дагы айдан нары,
Ааламга эң кереги пайдаң бары.
Адамга эч чарчабай кызматында,
Ай жерди, а жер күндү айланганы.

Жер баккан, жер сыйлаган бакка конор,
Желпинип кордогондор ачка болор.
Сен эмес эмгек кылып ар убакта,
Салмагын кармап турат аска-зоолор.

Кыямат күн салганда калбырына,
Кейийсиң кең ачылган алкымыңа.
Жер үстүн бир арыштап бөлгөн менен,
Жер асты бирдей тура баардыгына.

Элдердин илгеркиден эрки башка,
Эңсөөсү – көксөгөнү черди жазса…
Элирип энең берген белек көрбөй
Эртелеп эгем берген жерди сакта!

Өмүрүң өткүчөктү ирмем жалаң,
Өзүмчүл жүзүн ачып күлгөн заман.
Өзгөгө алданганың эч нерсе эмес,
Өзүңдү-өзүң алдап жүргөн жаман.

Пенденин жырткычына түтүп жүрөк,
Пейилдин оңолушун күтүп жүрөт.
Адамга ак кызматын өтөп коюп,
Абада биздин кеме сүзүп жүрөт…

Акбар Кубанычбеков

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}