Жети-Өгүз өрөөнү Ысык-Көл ойдуңунда, Тескей Ала тоонун түндүк капталында, Жети-Өгүз суусунун алабында жайгашкан. Курортко чейин тепши сымал өрөөн , андан жогору V формасына өтүп , каптал өрөөндөр жана кокту-колоттор менен тилмеленген. Өрөөндүн этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу, дөңсөөлүү адырлардан турат. Жети-Өгүз кыштагынан жогору чыга бергенде суунун оң тарабында кенен Казанбак түздүгү, ал эми суунун сол тарабында тик кашаттуу Ак жар тектирлери (үчөө) жатат. Капчыгай 35 чакырымдык аралыкты ээлейт. Бул жердеги ден соолукту чыңдоочу курортко кезегинде Юрий Гагарин баштаган космонавттар келип эс алып кетишчү.
Жети-Өгүз деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте жайгашкан
Жарылган жүрөк аскасы өзгөчө жаштар арасында белгилүү жер
Капчыгай тууралуу эл оозунда бир катар уламыштар айтылып келет
Аймак илгертеден эле көпчүлүктүн көөнүн буруп келген
Кооз жаратылышы көздүн жоосун алат
Ысык булактардын даңкы далайга тараган
Бул жердеги ден соолукту чыңдоочу курортко кезегинде космонавт Юрий Гагарин баштаган космонавттар келип эс алып кетишчү
Тоолор менен курчалып, шаркыратмалар өзгөчө шаң берип турат
Капчыгай жалпы жонунан 35 чакырымдык аралыкты ээлейт
Курорт Караколдон түштүк-батышты көздөй 28 чакырым аралыкта жайгашкан