Жетим (ангеме) 1- бөлүм

Дайыма базарга алып барып жүргөн айдоочу Ыдырыска базарчы аялдар кечинде бири коюп бири «Эртерек келиңиз, күн кыскарып калыптыр, аш-паш деп базарлыгыбызды кылгыча эле кеч кирип жатат»,-деп кайра- кайра звонок кылышкандыктан, бүгүн таңга маал ишке жөнөдү. Аны узатар замат аялы адатынча дарбазаны жаап коюп, верендада жаткан Тилектин үстүнө кирди. Заматта өңү бозоруп, алай- дүлөй болуп, жыланды көргөнсүп чаңырып чыкты.-Уй түсү суук, иттин баласы, чоң энеңдин төшөгүндө жаткансып мемирейесиң да! Тур, уйду саа, мага чекчейбестен! Бүгүн мектепке барбайсың. Мал багасың, Окуп жыргатат белең сен. Тек койсо акыркы күндөрү аябай талтаңдап кеттиң. Эй далдыр, сен али өз оюңда окуймун деп жүрөт экенсиң да? Кечээ, эмне Оштон келген агайларга окуймун деп айттың, менден сурабай. Мойнуңду жулуп алайынбы?Келгендерге оозуңа келгендин баарын оттопсуң. Атаң бизди багабы же какбаш сени окутабы? Э, түрүң курсун! Тур азыр жанчып коё элегимде.

Кантсе да үчүнчү класстан бери өгүздөй болгон өгөй эненин бул сыяктуу каргап-шилеген суук кептерин уга берген Тилек үн-сөз жок ордунан турду. Кийинип, эшиктин астында агып жаткан бозомук сууга бетин чала- була чайкады. Колуна челекти кармаган бойдон короо жакка жөнөдү. Чынар болсо тоону томкоруп койгонсуп, өзүнө-өзү ыраазы болуп, жылуу төшөгүнө баш койду.

Бул ажаан катын Ташболоттун экинчи аялы. Биринчиси менен он жылга жакын түтүн булатты. Тагдыр экен он биринчи жылга өткөндө турмуш жары төрөтканадан нары о дүйнөгө сапар алды. Андан көп өтпөй «жок азыр үйлөнбөйм» дегенине карабай ата-энеси өзүбүздүн кыз дешип, көп жылдан бери эр чыкпай үйдө олтуруп калган айылдашы Ысматтын ушул зөңкөйгөн кызын алып беришкен.

Андан бери далай күндөр өттү. Чынар да кыйын экен, эптеп эрди колдон чыгарбаш үчүн аз гана убакыттын ичинде үч кызды төрөп берди да, Ташболоттун төрүндө олтуруп калды. Элчилеп тамекиге иштебейт. Талаага барбайт, керели-кечке көчөдө кеп-сөз сатып, ушак кууп олтурганы олтурган.

Суу алып келмей, идиш-аяк жуумай. Эшик-эликти шыпырмайдан тартып, талаанын ишин кылмай, карындаштарын кароо сыяктуу бүт иштердин баарысы тогузунчу класста окуган Тилектин мойнуна жүктөлгөн. Кеч гана эри иштен кайтарга жакындап калганда казан-аяк кармабаса башка мезгилде очок жакка түк жакындабайт.

Тилек Ташболоттун биринчи аялынан калган жалгыз туягы. Өзү зирек. Зээни да жакшы. Сабактарынан мыкты окуйт. Айрыкча математика, адабиятка аябай кызыгат.

Өгөй апасынын өктөм сөзүнөн бүгүн кошуналардын мал кайтаруу кезегине чыгуу керектигин аңдаган Тилек мал саап болор замат жарты нанды жанына түйүп, чала-була шам-шум кылып жолго чыкты. Дайыма ошондой. Бирөөнүн ордуна мал, эчки, кой кезегине Тилек чыгат, а акчасы Чынардын чөнтөгүнө.

Түнү менен өгөй апасынын инилеринин жүгөрүсүн оргон ашарга катышкан. Тилек малдарды төөнүн өркөчүн элестеткен, шыбактуу кара кырдын күнгөй тарабына жайды да, өзү нарырак жерде эчтеке өспөгөн, такырайып бозомук тартып турган боз дөбөгө барып жамбаштап жатып алды.(уландысы бар)

Нуркамил Абдуллаев

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}