Жол адамды эмес, адам жолду кеңейтет

Окуучусунун өмүр бою бир гана сөздү эреже катары карманып туура жашап өтүүгө мүмкүнбү деген суроосуна Конфуций: «Ооба. Бул – ак тилек деген сөз. Башкаларга өзүңө каалабаган нерсени каалаба» деп жооп берди.Чыныгы эркектин жан дүйнөсү дайым тынчтыкка толуп турат. Деңгээли төмөн адам ар дайым күйпөлөктөп жүрөт.

Чыныгы эркек өзүн күнөөлөсө, майда адам башкаларды айыптайт.

Эгерде адамдын табияты тарбиясын басып турса андан жапайы адам чыгат, а эгерде анын тарбиясы табиятын басып турса, калемдин чебери чыгат. Кимде табият менен тарбия тең салмакта болсо гана, ал чыныгы эркек деп саналат.

Жанымда эки гана адам болсо да, алардан бир нерсени үйрөнө алам. Алардын артыкчылыктарын өзүмө сиңирип, кемчиликтеринен сабак алам.

Татыктуу адам башкалардын изи менен кетпейт.

Чыныгы эркек башкаларга алардагы жакшы касиеттерди көрүүгө жардам берип, жаман жактарын көрүүгө үндөбөйт. А акмак адам мунун тескерисинче иш кылат.

Калың калк үчүн адамды сүйүү илими от менен сууга караганда алда канча зарыл. Мен от менен суудан өлгөн адамдарды көрдүм, бирок кимдир бирөөнүн адамды сүйүү илиминен өлгөнүн көрбөдүм.

Чыныгы эркек камырабай асман буйругун күтөт. Акмак адам күйпөлөктөп ийгилик кушун күтөт.

Чыныгы эркек кыйынчылыкты туруктуулук менен жеңсе, алсыз адам башына күн түшсө өзүн таштап салат.

Чыныгы эркек милдетин гана билсе, алсыз адам пайданы гана ойлойт.

Ар бир адамды өзүбүз сыяктуу урматтап, бизге кандай мамиле жасашын кааласак аларга да ошондой мамиле кылуудан артык эч нерсе жок.

Сабырдуу адам аз жаңылат.

Устат мындай деди: «Менин ишим жыйынтыксыз калат окшойт. Мен алигиче каталарын билип туруп, ал катасын өзүн өзү моюнга алдырган адамды көрбөдүм».

Ишеничке арзыбаган адам менен иш алып барууга мүмкүнбү? Эгерде арабада дөңгөлөк болбосо, анда кантип жүрүүгө болсун!

Сүйлөшүүгө татыктуу адам менен сүйлөшпөй коюу, демек ал адамды жоготууга барабар. А кептешүүгө татыксыз адам менен баарлашуу сөздү жоготууга тете. Акылдуу адам анысын да, мунусун да жоготпойт.

Адамдын алдында акылга карай үч жол бар: ойлонуу жолу – эң адилет жол; тууроо жолу – эң жеңил жол; баштан өткөргөн тажрыйба жолу – бул эң кыйын жол.

Акылдуу адам менен жолукканда ага кантип теңелүүнү ойлон, акылсызга бет келсең өзүңө өзүң үңүлүп, өзүңдү өзүң сотто.

Бийик даражалуу кызмат ордум жок деп тынчсызданба. Сен ошол кызмат ордуна татыктуумунбу деп ойлон. Мени башкалар тааныбайт деп күйпөлөктөбө. Сени алар билүүгө татыктуусуңбу – мына ушуну ойлоп тынчсыздан.

Эрте менен акыйкатты билсең, кечинде бул жашоодон кете берсең болот.

Эскиге кайрылып, андан жаңы нерсени таба алган адам устат деген атка татыктуу.

Жападан жалгыз чыныгы катачылык бул – эски каталарыңды оңдобоо.

Өзүңө катаал, башкаларга жумшак бол. Минтүү менен адамдардын жек көрүүсүнөн сактанасың.

Жол адамды эмес, адам жолду кеңейтет.

Адамдар байлык менен атак-даңкты каалашат; эгерде аларды абийирди жоготпой туруп таба албасаң, андан кач. Адамдар ошондой эле жакырчылык менен белгисиздиктен коркушат; эгерде абийирди жоготпой туруп алардан кутулууга мүмкүн болбосо, аларды сабырдуулук менен кабыл ал.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}