Жүрөк кантип азыктанат?

Жүрөк булчуңу азык заттары менен кычкылтек өтпөй турганчалык калың жана тыгыз кыртыштуу болот. Ошондуктан өз ичинен өткөн кандан пайдалана албайт. Бирок жүрөк да бир орган жана башка органдар сыяктуу клеткалары канга муктаж. Ал тургай, жүрөк тынымсыз иштеген бир булчуң болгондуктан, башка бүт органдардан көбүрөөк кычкылтекке муктаж болот.Жүрөктүн мындай муктаждыгы да өтө теңдешсиз бир долбоор аркылуу чечилген. Өпкөлөрдөн жүрөктүн сол бөлүгүнө келген кан денедеги эң таза жана эң кычкылтекке бай кан. Ал кандын денеге насостолгон аорта тамырларынан «коронардык артериялар» деп аталган эки тамыр чыгат. Ал тамырлар башка тамырлар сыяктуу денеге кетпейт, кайра жүрөккө кайтат. Ошентип, кычкылтекке эң бай кан башка эч жерге барбай, түптүз жүрөккө жеткирилет.

Жүрөк кантип азыктанат?

Дагы бир долбоор болсо коронардык тамырлардын төшөлүү планында бар. Ал тамырлар жүрөктү көздөй баратып, ортолорунан бир-бирине туташышкан. Ал байланыштар тамырлардын бирөөсүнүн тосулуп калышына карата көрүлгөн чара. Эгер тамырлардын бирөөсү тосулуп калса, кан башка тамырлардан жолун улантып, тосулган жерден өтүп, жүрөккө жетет. Мындай долбоор шаар пландоо адистери тарабынан ичүүчү суу тармактарын тартууда колдонулат. Түтүктөрдүн бирөөсүндө бир маселе туулганда, шаардын бир аймагы суусуз калбашы үчүн түтүктөр «тордук система» деп аталган ушул долбоорго ылайык тартылат.

Көрүнүп тургандай, жүрөктү азыктандырган тамырлардын араларындагы туташуу каналдарында да эч кокустукка орун бербей турган акыл жана пландоо бар.

Баса, жер жүзүнүн эң кемчиликсиз түзүлүштөгү насосу ушул учурда сол көкүрөгүңүздүн астында иштеп жатат. Жүрөк, кереметтүү долбоору жана эч тынымсыз согушу менен, 1 күндө денебиздеги бүт кандын 1000 жолу айланып чыгышын камсыз кылат.

Жүрөк кантип азыктанат?
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}