Жубай, алтын жана бакыт…

Бир адам жакшынакай жар күтүп, эл катары үй-бүлө куруп бактылуу жашагысы келчү. Бирок алгач кенч таап алып, дароо байып, анан бардар турмушта жашасам дечү. Ошентип, куру кыялга алдырып, кенч издеп жүрө берет. Бир күнү кудук казып жатып, катуу нерсеге туш болот. “Кенч” деп ойлойт. Ал чынында эле чоң кулпу салынган сандык эле. Кыйла кыйналып жатып сандыкты ачып, ичиндеги дагы бир сандыкты көрөт. Эптеп жатып аны да ачат да, “Ким кенч издесе, деңиз түбүнө түшсүн” деген жазуусу жана картасы бар кагазды табат. Сүйүнгөн бойдон деңизге келип, ордун таап, ал жактан кенч издей баштайт. Ошентип, ал жактан алтын сандык таап алат. “Ичи толгон дүнүйө экен го” деп кудуңдап, чоң алтындан жасалган кулпуну ачат да, ичинен дагы бир кичинекей алтын сандыкка туш болот. Ал сандыкты да ачып, оролгон жалгыз кагазды көрөт. Ал баракта төмөнкүдөй жазуу бар эле:“Оо акылман адам, аялзаты эмне да, алтын эмне?»
— Аялзаты жүрөктү жалындатып жибитет, ал эми алтын жүрөктү муздатат;
— Аялзатынын жанында адамдын жүрөгү жумшарат, адам жароокер болот, алтындын жанында жүрөк катуу болуп, өзүмчүл, таш боор болуп калат;
— Алтынды сактап, ал үчүн жан үрөп кам көрөсүң, ал эми аялзаты сен үчүн кам көрөт;
— Аялзатын сүйгөн жүрөк нурга толуп, башка адамга да жакшылык жасоого умтулат, алтынды сүйгөн жүрөк ар дайым сарсанаа болуп, жакынына да жамандык кылууга даяр болуп калат;
— Аялзаты сени жамандыкатан сактайт, алтын болсо жамандыкка түртөт;
— Аялзаты демиңе дем берип, өмүрүңдү узартат, алтын болсо санаага салат, аны сактайм, көбөйтөм деп жүрүп, өмүрүңдүн кантип өткөнүн билбей каласың.

Ошондуктан жашоодо биринчи эмне керек экенин жакшылап ойлон: байлыкпы же үй-бүлөбү? Алтын бактылуу кылабы же жубайбы?”.

Ал адам баракты акырын бүктөп чөнтөгүнө салат. Сандыкты болсо жаап, кайра деңизге ыргытып жиберет. Ошондон кийин үйлөнүп-жайланып, аялы жана бала-чакасы менен бактылуу жашап калат.

 

Байлык, мүлктүн көптүгү менен эмес, балким, напсинин токтугу менен эсептелет. (Хадис)

Адам бактылуу болууга тийиш. Бактысыз болсо, өзүнөн көрсүн. (Л.Н.Толстой)

Аял – үйдүн чырагы. (Макал)

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}