Жылмайып коюңуз

Кичинесинде Апенди оң айтса, тетири иш кылган кежир бала болуптур. Атасы экөө тегирменден эшекке ун артып келатып, кечүүдөн өтүп баратканда, эшектин жүгү оой баштайт. Уулун дайым тетири айтып, оң иштетип көнгөн атасы эми деле ошентсем, оогон капты оңдоп коёр деген ойдо уулуна кыйкырат:

— Эй, уулум! Ун ооган жок, катуу түртүп жибер, ошентсең кап сууга түшпөйт! — деп.

— Сен мени баласынтпа, ата! Чоңойгонум качан! Өмүр бою эле тетир боло бермек белем, бу саам сөзүңдү эки кылбайм — деп, капты түртүп койсо, кап ун-пуну менен сууга күп дей түшкөн экен.

Жыл эсеби

Апенди окуп жүргөндө, мугалим жаратылыш жана жашоо-турмуш жөнүндө, жылдын төрт мезгили жана күн мепен түндүн алмашышы жөнүндө балдарга көптү айтып берчү экен. Бир күнү мугалим:

— Мына азыр жаз келди. Күн узарып, түн кыскара баштады. Бир айдан кийин жай келет, ошондо күн дагы бир саатка узарат,— деп түшүндүрөт.
Айткандай эле, антип-минтип, бир ай убакыт өтүп кетет. Жай да келет. Мугалим Апендини тургузуп алып, сабак сурайт:

— Кана, жооп берчи, бир суткада канча саат бар? — экен.

— Мындан бир ай мурда жыйырма төрт саат бар болчу, эми жыйырма беш саат болду! — дептир Апенди буйдалбай.

Теңбиз

— Кимиң улуусуң? Сенби, же сенин байкеңби? — деп, бир дөөпөрөс Апендиден сураса, Апенди да келиштирип туруп жооп берген экен:

— Былтыр энем айткан: байкең бир жаш улуу деп. Быйыл теңбиз!

Төрттөн төрттү алса канча калат?

— Төрттөн төрттү алса, канча калат? — деп, мугалим Апендиден сураса, Апенди билбей коёт.

Акырын сүйөмөлөсөм түшүнүп жообун айтаар деген ойдо мугалими:

— Кел, мисал менен чыгаралы, — дейт. — Айталык, сенин чөнтөгүңдө төрт тыйын бар эле, төртөө тең түшүп калды дейли. Чөнтөгүңдө эмне калат?

— Тешик калат да! — дептир Апенди такалбай.

Үйүн өрт алганда

Апендинин үйү өрттөнө баштаптыр. Кошунасы Апенди кой кайтарып жүргөн жерге чуркаган тейин жетип:

— Апенди болбой куруп кал, үйүң күйүп атса, жүрүп аласың! Жүгүр тез! Эшигиңерди тарсылдатып атам — тарсылдатып атам, эч ким жок, каалгаңда килейген кулпу. Бол жүгүр! — деп шаштырса, Апенди камырабай:

— Эй, дос. Аялым экөөбүз акылдашып отуруп, көр оокаттын түйшүгүн бөлүшүп алганбыз. Мал таап, мал багыш менин ишим. Үй караш аялымын мойнунда. Үйүң күйүп атат деп, сен ошого барып айт,— дептир.

Албетте, айта отурса Апендинин мындай жоруктары түгөнбөйт. Бул жөн гана сиздин бүгүнкү маанайыңызды көтөрүп, жүзүңүзгө жылмаюунун уячасын тарталы деген тейде даярдалды, Урматтуу окурман.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}