Өзүн-өзү өнүктүрүүгө арналган китептер

Ар бир адам жашоодон эмнени каалай тургандыгын так билип, ийгиликтерге жетишип жана келечекке максат коё алган сапатка ээ болуусу шарт. Бирок, иш жүзүндө дайыма эле каалаган нерсебиз орундалбайт. Айрымдары дагы эле өзүн- өзү таппай изденүүнүн үстүндө жүрсө, кээ бирлери кесиптен- кесип тандап туруктуу бир орунда отурукташа албай убара тартып келишет. Андыктан мындай жагымсыз кырдаалга кабылбаш үчүн өзүңүздү- өзүңүз өнүктүрүүгө жардам бере турган, психолог адистери тарабынан тандалып алынган 10 китепти сунуштайбыз.1- Нейл Фьоре «Жаңы жашоо баштоонун жеңил ыкмасы»
Бул китеп эмне жөнүндө? Ар бирибиз ар дайым өзүбүзгө ар кандай убадаларарды беребиз. Маселен, машыгуу залына жазылабыз, бий ийримине катышабыз же кайсы бир жаман адатыбыздан арылууга бел байлайбыз. Бирок, тилекке каршы анын аягына чыгып, күткөн жыйынтыкка жетмейинче күрөшүүнү каалабайбыз. Баарын орто жолдо таштап коёбуз. Ал эми психолог Нейл Фьордин айтымында жеңишке жетише албагандыкка биздин калыптанып калган адаттарыбыз жана мээнин өзгөчө иштеши себеп болот. Анткени, биз бардык нерсени кийинкиге калтырууга көнүп калганбыз. Учурунда бир ишти бүтүрүүдөн коркобуз.Анткени анын жыйынтыгы белгисиз. Жыйынтыктап айтканда өзүбүздүн жашообузду өзүбүз татаалдаштырып алабыз. Мындай сапаттардан арылып, жашоону жаңы барактан ачууга Нейл Фьоренин \»Жаңы жашоо баштоонун жеңил ыкмасы\» аттуу китеби жардам берет.
Өз учурунда Фьоре 9 айлык химиятерапиядан өтүп рак илдетин жеңип чыккан.

2- Джеймс Шуровьески «Акылдуу көпчүлүк»
Эмне жөнүндө жазылган китеп? Биз күнүмдүк жашообузда көпчүлүк деген сөздү бир аз каршы пикирде кабыл алабыз. Ал эми Джеймстин китебинде андай пикир жок. Тарыхый, экономикалык жана психологиялык бир топ изилдөөлөрдү жүргүзгөн америкалык журналист адамдар көпчүлүк болуп бир пикирге келгенде гана туура чечимдерди кабыл алууга болот- деген тыянак чыгарган. Маселен, футболдук оюн аяктаган соң, аянттан элдин агылып чыгып бара жатканыдыган күбө болобуз. Мында сиз жоголуп кетем же адашып калам деп тынчсызданбайсыз. Себеби көпчүлүктүн агымы сизге туура жолго чыгууга жардам берет. Бул китепте дал ушундай бир нече мисал келтирилген жакшы окуялар камтылган. Анын негизинде кырдаалдан кандай чыгууга жол көрсөтүлгөн. Бул китеп айрыкча кп сандагы жамаат менен иштегендерге эң жакшы пайдасы тийет.

3- Тина Силиг «Өзүңдү өзүң жасап ал»
Эмне тууралуу жазылган? Стэнфорд университетинин профессору Силинг ар дайым өзүнүн окурмандары менен ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүшүп келет. Бирок, анын максаты ар бир адам ишкер болуп байып кетсин дегенде эмес. Өзүңдү өзүң жасап алуу деген түшүнүк Силингдин айтымы боюнча адам тобокелчиликке баруудан коркпой, калыпка салынган жашоо дөңгөлөгүнөн чыга албай жүрө бербей өзгөрүүгө бел байлаш керек. Кыялдардын кулачын алыстарга жаюу керек. Ошондо гана адам өзгөрө алат. Бул китепти окуу менен ийгиликке жетүүгө жол ачкан болосуз.

4- Кейт Ферацци «Эч качан жалгыз тамактанбаңыз»
Эмне тууралуу жазылган китеп? Адамдын жагымсыз ойлорго кабылышы, стресс, депресияга түшүүсү жана келечекке максаты жоктугу бул –анын жалгыздыгына байланыштуу. Андыктан ар дайым жалгыз болуудан качыңыз. Адамдар менен баарлашуу, пикир алмашуу, коомчулук менен тыгыз байланышта болуу сизди болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетелейт. Маанайыңыз чөгүп, ар кандай ооруларга кабылбайсыз. Бул китепти окуп, карьераңызды жөнгө салып жана жеке жашооңузду жакшы нукка салаарыңыз бышык.

5- Регина Бретт «Кудай эч качан көз ирмебейт»
Эмне жөнүндө жазылган? Америкалык журналист Бреттин өзүн- өзү өнүктүрүүгө багытталып жазылган китебинде онкологиялык ооруларды жеңип, өзүнүн жашоосундагы тажрыйбалар менен бөлүшкөн. Анда бактылуу болуу үчүн 50 ыкманы колдонуу керектиги жазылган.

6- Кен Робинсон «Шык»
Китепте эмне тууралуу баяндалган? Шык аттуу китепти окуган адам, психолог адистеринин айтымдарында жөндөмдүүлүк жана сезимдер менен жолугушасыз. Бул китепти окуу менен сиз эмнеге жөндөмдүүсүз, кандай нерсеге шыктуусуз жана аны кандай ишке ашырууга боло тургандыгына жооп таба аласыз.

7- Келли Макгонигал «Эрк менен күч: кантип өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө болот»
Эмне тууралуу баяндалат? Негизиген биздин эрк күчүбүздүн деңгээлине жараша жашообуздагы бардык нерселер көз каранды. Ден- соолук, каржылык жетишкендик, чөйрөдөгүлөр менен мамиле түзүү, кырдаалдан кыйналбай чыгуу ж.б.д.у.с Бирок сиздин эрк- күчүңүз өнүктүрүлбөсө бардык нерседен кур- жалак калаарыңыз аштан бышык. Бардык баштаган ишиңизди ара жолдо таштап коёсуз. Ал эми бул китепти окуу менен көздөгөн максатка кантип жетүүгө боло тургандыгын билип аласыз. Психологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары камтылган, чыныгы жашоодон алынган окуялар бар.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}